Татарстан менен кыргыз мамлекетинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу жанданат

Татарстан менен кыргыз мамлекетинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу жанданат. Бул тууралуу депутат Таалайбек Ибраев 3-июнда "Парламент" радиосунун түз эфиринде айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Ибраев татар парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусун колдоого алганын айтты. 
"Эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди жандандыруу пикирине келдик. Буюрса, быйыл күзүндө алардын делегациясы кыргыз парламентинин иши менен жакындан таанышуу ниетинде келерин, мындай борбордук алакалардын артышын Татарстандын президенти да, премьер-министри дагы колдой турганын билдиришти",- деди Ибраев.
Ошондой эле Ибраев Татарстанда миңден ашуун кыргыз мамлекетинин эмгек мигранты бар экенин, алардын 70 пайызы базарларда, калганы тейлөө кызматы жана курулуш тармагында иштеп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, Казань университетинде болгон жолугушууда кыргыз мамлекетинин студенттери үчүн квотаны көбөйтүү маселеси көтөрүлүп, окуу жайдын жетекчилиги муну иликтеп, бир чечим кабыл алууга убада бергенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан