Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаарында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы иш-чаранын катышуучулары миграция жана качкындардын абалы боюнча маселелерди талкуулаганын билдирди.
Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы Тьери Мариани жана ЕКПАнын аталган комиссиясынын мүчөлөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө күн тартибине коюлган миграция көйгөйлөрү, чыр-чатак болгон аймактарда көбүнчө балдар менен аялдардан турган жабыркагандар менен качкындарга гуманитардык жардам берүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн маанисине жана миграция процесстерине байланыштуу маселелерге басым жасалды.