Лейлек районунун жаштары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулун карап, жумушсуз отурган айымга кийим тигүүчү машина сатып беришип, жумуш менен камсыз болуусуна көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Лейлек жаштары" коомдук бирикмесинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Чимген айылынын тургуну Айчүрөк Райимбердиеванын 5 жаштагы уулу Элтур тубаса майып. Ага дайыма көзөмөл керек. Аны караган жалгыз бой апасы башка жумушта иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, тигүүчү машинага муктаждыгын айтып кайрылган. Райимбердиеванын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү үчүн аталган бирикме кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, райондун борбор калаадагы жана чет жакта жүргөн тургундарынан тийиштүү акчаны топтогон.
Учурда кийим тигүүчү машина Райымбердиевага жеткирилип, анын үйдө отуруп тикмечилик менен иштөөсүнө шарт түзүлдү.