Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутат
Наталья Никитенко акыйкатчы Бактыбек Аманбаев 2014-жылы аткарган иши боюнча маалымат берүүдөн баш тартып жатканын айтты."Комитет ар кандай себептер менен 5 жолу акыйкатчынын отчётун уга албай калды. Башында Б.Аманбаев ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Андан кийин башка бир маанилүү иш-чарага катышкандыгына байланыштуу да комитетте маалымат берген эмес. Эми ал 19-июнга чейин иш сапары менен Бельгияга кетиптир. Акыйкатчы парламентке толук жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек",- деп арызданды Никитенко.
Төрага Асылбек Жээнбеков депутат менен макул болду. "Парламенттик отурумга чакырылган кызматкер сөзсүз түрдө келиши керек. Эч бир чиновникке мындай узак 19 күндүк иш сапар берилген эмес",- деген пикирин айтты төрага.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев 4-5-июнда Брюссель шаарында (Бельгия) өтө турган акыйкатчылардын эл аралык конференциясына катышат.