Депутаттар мектеп окуучуларын хиджаб кийгизүү менен кыйнабоого чакырышты

Жогорку Кеңештин 4-июндагы отурумунда депутат Эркингүл Иманкожоева "мектеп окуучуларын хиджаб кийгизүү менен кыйнабоо керек" деген пикирин билдирип чыкты. Анын айтымында, мектеп окуучулары хиджаб эмес, мектеп формасы менен гана жүрүүсү керек.  
"Айрым депутаттар "өлкөдөгү мектеп окуучулары жана студенттер хиджаб кийүүлөрү керек" деп айтышууда. Бирок президентибиз айткандай, биздин чоң энелерибиз хиджаб кийишкен эмес. Анда эмнеге кичинекей кыздарды хиджаб кийгизүү менен кыйнап жатабыз? Алар динди анча түшүнүшпөйт. Мектеп окуучуларын бул кийимди кийгизүү менен кыйнабаш керек. Алар мектеп формасы менен эле жүрүүсү зарыл",- деди Иманкожоева.
Айта кетсек, буга чейинки парламенттик жыйында депутат Турсунбай Бакир уулу "студент кыздардын хиджабын чечтирүү - жыныстык мажбурлоо" деген пикирин айтып өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан