Депутаттар өкмөттөн "Коопсуз шаар" долбоору боюнча бирдиктүү чечимди күтүп жатышат

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу маселе кайра көтөрүлдү. Депутат Наталья Никитенко аталган долбоорду ишке ашыруучу компания дагы деле аныктала элегине нааразы болду.
"Өкмөт принципиалдуу чечимге келиши керек: же жеңүүчүнү аныктасын, же тендерди "өткөн эмес" деп жарыяласын. Тилекке каршы, айрым адамдардын жеке кызыкчылыктарынан бул долбоор ишке ашпай жатат. Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун аягына чейин бүтүрүшү зарыл",- деди Никитенко.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан