4-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги депутаттык топтордун ишин Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентябрында чыгарган чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ал чечимде депутаттык топтордун парламенттик фракциядан тышкары боло албасы белгиленген.
Айрым депутаттардын пикиринде, депутат кайсы партиянын тизмесинен шайланып келсе, ал ошол партиянын парламенттеги фракциясынын курамында болушу керек, ал эми фракция ичинде депутаттык топторду түзүү укугун калтыруу керек. Конституциялык палатанын чечиминде ага тыюу салынган эмес.
Ал эми айрым депутаттар фракция ичинде депутаттык топтордун түзүлүшү фракция ишине терс таасирин тийгизе турганын айтышууда. Андан сырткары регламенттеги "депутаттык иликтөө" жобосун "парламенттик иликтөөгө" өзгөртүү сунушу да талаш-тартыш жаратууда. Алардын пикиринде, депутаттын иликтөө укугу кыскарып калат.
Жыйынтыгында депутаттар талаш маселелерди добуш берүү аркылуу чечүү чечимине келишти.