“Биз ошол кырсыктан жапа чеккен эл менен жолугушуп, андан кийин мектебинин абалы менен да таанышып чыкканбыз. Мектеп 1930-жылдары курулуптур, абалы өтө оор экен. Жергиликтүү тургундар мектепти башка жакка көчүрүүнү абдан суранышкан эле. Жер көчкү кайра кайталанбайт деп ким кепилдик берет? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү корутунду чыгарып берсе”,- деп сунуштады Мамырова.
Айта кетсек, 24-майга караган түнү эскертүү берилген Сузак районунун Кыр-Жол айылында жер көкчкү жүрүп, 5 үйдү жана бир эмкананы басып калган. Андан 6 адам каза болуп, 5 адам ооруканага жаткырылган.