Парламенттик шайлоодо босоголук чекти 9 пайызга чейин жогорулатуу демилгесин депутаттар жактырышты

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында парламенттик шайлоодо республикалык босоголук чекти 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Долбоорго ылайык, регионалдык босого 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөтүлмөкчү.
Айта кетсек, босоголук чекти көтөрүү боюнча Феликс Куловдун демилгеси парламенттин тармактык комитетинде жана палатада талкууланып жатканда, депутаттар аны сынга алышкан.
Буга чейин Ф.Кулов парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүүнү демилгелеп, парламент колдогон эмес эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан