Депутаттык топтордун парламенттик фракциянын курамынан тышкары болуусуна тыюу салуу демилгесин Жогорку Кеңеш 2-окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 4-июнда “КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Анда депутаттык топтордун парламенттик фракция курамынан тышкары болуусуна тыюу салуу каралган. Демилге Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентябрында чыгарган чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Бул долбоор талкууланып жатканда айрым депутаттар: "Депутат кайсы партиянын тизмесинен шайланып келсе, ал ошол партиянын парламенттеги фракциясынын курамында болушу керек. Ал эми фракция ичинде депутаттык топторду түзүү укугун калтырыш керек. Конституциялык палатанын чечиминде ага тыюу салынган эмес",- деген пикирленин айтышты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан