Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Бул долбоор парламентте аялдардын санын жогорулатууга багытталган.
Талкууга катышкан айым депутаттардын бардыгы бул демилгени колдоого алуу керектигин айтышты. Эркек депутаттардын арасынан жалгыз Кожобек Рыспаев сүйлөп, аталган долбоорго каршы пикирин айтты. "Парламентте аялдардын саны жетиштүү. Эгер бул демилгени колдоп чыксак, кийин жаш депутат "жаштардын квоталарын көбөйткүлө", ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген депутат "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин квоталарын көбөйткүлө" деп чыгышат. Биз, эркектер,кайда барабыз? Эркек кесиптештер, намысыңарга келбейсиңерби?!"- деп кайрылды Рыспаев.