“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 4-июндагы отурумунда 2-окууда колдоого алды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору менен мамлекеттик жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) ректорлорун дайындоо жана бошотуу тартиби өкмөт тарабынан аныктала тургандыгы жөнүндө ченем киргизилип жатат. Бул көптөгөн ЖОЖдордо ректор шайлоо бир катар терс көрүнүштөр менен коштолуп келгендигинен улам сунушталууда.