Баалуу кен байлыктарына экспорттук бажы алымын киргизүү демилгеси 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеш 4-июнда депутаттар тобу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгарылуучу товарларга (экспорттук) бажылык алымдардын ставкасын белгилөө жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап, анын концепциясын биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Демилгечилердин айтымында, баалуу металл кендерин чет өлкөгө ташып кетип иштетүү көлөмү жылдан-жылга көбөйүп барат. Ошондон улам аларга бажы алымын киргизүү керек. Муну менен мамлекеттик казынаны толтуруу зарылчылыгы бар. 

“2014-жылы Казакстан менен Кытайга чыгарылып кеткен алтын кендеринин көлөмү 4 миң тоннадан ашты. Биз 2015-жылы 15 пайыз бажы алымын киргизүүнү, ал эми 2016-жылы аны 20 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштадык. Бул мыйзам кабыл алынса, бюджетке кошумча каражат түшө баштайт”,- дешти демилгечилер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан