Өлкөдө спортту өнүктүрүү маселеси бюджеттин тартыштыгына барып такалат. Мындай пикирин бүгүн, 5-июнда КСДП фракциясынын жыйынында депутат
Чыныбай Турсунбеков билдирди. Депутат спортту өнүктүрүү үчүн бюджеттик каражатты карап отурбай, башка булактарды кароо керектигин айтты.
"Ошентсе да бюджеттин эле көзүн карабай, башка жолдорун карасак болот да. Мисалы, көп өлкөлөрдө спорттук лотереядан каражат таап, спортко жумшашат. Биздин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин да ушундай планы бар экенин билем. Ишке ашыра албай жатканынын себеби эмнеде? Спортту өнүктүрүүгө бюджеттен тышкары каражаттарды тартуу боюнча атайын фонд түзүү тууралуу сөз болду эле, ал иш качан башталат?"- деди фракция лидери.
"Массалык спорт дегенде бир гана балдар спортун түшүнбөш керек. Чоңдорго, улгайгандарга деле спорт керек да. Албетте, улгайгандардын талабы башка. Турникке тартыла албаса да, сууда сүзө алышат, теннис ойносо болот",- деп кошумчалады Турсунбеков.