"Депутаттар спорттогу көйгөйлөрдү жарандык коомго жүктөбөй, өздөрү чечүүгө тийиш" дейт Чыныбай Турсунбеков

"Биз, депутаттар, спортту өнүктүрүү маселесин жарандык коомго жүктөп койгондун ордуна мамлекеттик деңгээлде чечүүгө тийишпиз",- деди бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков.
Анын айтымында, өлкөдө жарандар мамлекетти күтүп отурбастан, көптөгөн көйгөйлөрдү өз күчү менен чечишүүдө. "Айрыкча аймактарда, шаарларда колунда бар адамдар өз каражатына спорт аянтчаларын куруп, балдарга, чоңдорго бекер же арзан акы төлөгүдөй шарт түзүп берип жатышат. Муну мекенчилдик иш деп атасак болот. Мисалы, Нарын жергесинде муз аянтын жасоого көп каражат деле талап кылынбайт. Кичи райондордо теннис кортторуна асфальт төшөөгө деле көп акча кетпейт",- деген пикирин айтты фракция лидери.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан