Депутат Жоошбековду оор штанга көтөргөн же күрөш менен машыккан кыздар кийин кантип эне болушары кызыктырды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында өлкөдө спортту өнүктүрүү маселеси каралууда. Талкууда депутаттар аталган тармакты өнүктүрүш үчүн Дене тарбия жана спорт агенттигине өз сунуштарын айтышууда.

Депутат Заирбек Жоошбеков кыздарга спорттун түрүн тандоодо көңүл буруу керектигин сунуштады. "Кыздарыбыз спорттун оор түрлөрү менен машыкканы көп байкалууда. Аларга туура тарбия беришибиз керек. Оор штанга көтөргөн же күрөш менен машыккан кыздар кийин кантип эне болушат? Биз кыздардан коркуп калдык",- деп тамашалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан