Ош шаарында 5-июнь күнү финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ош мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, ага шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Арфидин Аланов, мэриянын өкүлдөрү жана калаада эмгектенген финансы жана экономика кызматкерлери катышышты.
Биринчи вице-мэр финансы жана экономика тармагында иштөө татаал жана түйшүктүү экенин белгиледи.
“Ош шаарынын экономика жаатындагы жетишкендиктеринин артында сиздердин талыкпас эмгегиңиздер, жумушка болгон жооптуу мамилеңиздер турат. Аталган тармакта шаарыбызда бир топ алгылыктуу иштер жасалды, бирок алдыда мындан да арбын милдеттер бар. Ош шаарынын 2014-2015-жылдарга карата өнүгүү программасында жакынкы жылдардагы негизги милдеттери катары экономикалык өсүштү камсыздоо, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат.
Алдыда коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайлы. Биргеликте шаарыбызды өнүктүрөлү, шаардыктардын турмушун өзгөртүп, ыңгайлуу шарттарды түзөлү”,- деди Аскаров.
Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан Аланов куттуктоо сөз сүйлөдү.
“Өлкөдөгү инвестициялык климаттын жакшырышы жана шаарыбыздын экономикасынын өнүгүшү сиздердин ишиңиздерден түздөн-түз көз каранды.
Сиздерге ушул күнү чыныгы оптимизмди, ден соолукту, бейпилдикти жана бардык белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалайм”,- деди төраганын орун басары.
Жыйынтыгында бир катар кесип ээлери атайын дипломдор менен сыйланышты.