Депутаттар
Феликс Кулов менен
Каныбек Осмоналиев бүгүн, 5-июнда Чүй облусунун мугалимдер жамааты менен жолугушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, анда депутаттар Жогорку Кеңеш 5 жыл ичинде эмне иш аткарганы тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле жолугушууда мугалимдердин маяналары тууралуу көйгөйлөр талкууга алынмакчы.