Жогорку Кеңештин аял депутаттары Аялдар форумунун алкагында кароосуз калган балдар тарбияланып жаткан Бишкек шаарындагы Балдарды калыбына келтирүү боюнча республикалык борбордо көчмө жыйын өткөрүштү.
Жыйында аталган борборду тиешелүү шарттар менен камсыздоо, ар тараптан колдоо маселелери көтөрүлдү. Депутат Айнуру Алтыбаева электр кубатын үнөмдөө максатында демөөрчүлөр тарабынан чет өлкөлөрдөн келген күн батареясы менен жылытуучу жабдууну балдар үйлөрүнө бажы төлөмдөрүсүз эле өткөрүү боюнча өкмөт башчысына, Бажы кызматынын жетекчилерине кайрыларын маалымдады. Ал эми 70 балага ылайыкташкан борбордо бүгүнкү күндө 124 бала жашайт. Ошого жараша керебет, шкаф сыяктуу эмеректер жетишпейт. Бул маселени чечүүдө Алтыбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан каражат бөлүнгөндүгүн эске салды. Мындан сырткары Аялдар форумунун мүчөлөрү тарабынан мыйзам долбоорлор пакети даярдалып жатканын, анда Кылмыш кодексинен зордук-зомбулук көрсөткөндөр боюнча эскирүү мөөнөтүн, зордуктоо фактыларында тараптардын жарашуусун алып салуу сындуу түзөтүүлөр сунушталып жатканын маалымдады.
Көчмө жыйындын катышуучулары балдар үйлөрүндөгү балдардын көйгөйлөрүнүн бири чечилсе дагы чоң ийгилик деп, маселелерди чекесинен чечүүнүн жолдору боюнча пикир алышты.