Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти Ак-Бата конушунда мыйзамсыз салынган турак үйдү түрттүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул жерде 2009-жылы жасалма документтер менен үй курулган. Аталган департаменттин кызматкерлери 2015-жылы апрелде жана майда үйдү түрттүрүүсүн эскертишкен. Үй ээси Чолпонбек Жарашбеков департаменттин түрттүрүүсүнө каршылыгы жок экенин айтып, кол коюп берген. Батирге берилген бул үйдө жашагандар 1-июнда башка жакка көчүп кетишкен.