“Биз алдыбыздагы маанилүү тапшырмаларды сапаттуу аткарышыбыз керек”. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 4-июнда өкмөт мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун жетекчилери катышкан жыйында айтты.
Жыйын жүрүшүндө улуттук экономиканы чыңдоо боюнча өкмөттүн иш-чаралар планын, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече пландары, милдеттенмелери жана протоколдук тапшырмаларды аткаруу маселелери каралды.
Премьер-министр жыйынды ачып жатып өкмөт коомчулуктун алдында жумасына 7 күн, суткасына 24 саат иштөөгө милдеттенме алганын эске салды:
“Биздин биринчи даражадагы милдетибиз – өкмөттүн планын жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече пландарын-милдеттенмелерин сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу.
Президенттин жарлыгы менен 2015-жыл "Өлкөнүн улуттук экономикасын чыңдоо жылы" деп жарыяланган. Өкмөт тарабынан үстүбүздөгү жылдын февралында улуттук экономиканы чыңдоо боюнча тиешелүү план бекитилген, ага 283 иш-чара жана 54 инвестициялык долбоор киргизилген”,- деди ал.
Сариевдин билдиришинче, ар бир жетекчи өз ишиндеги ар бир жуманы жана ар бир күндү максималдуу жана натыйжалуу пландаштырууга тийиш. Ошондой эле өкмөт башчысы мындай жыйындар ырааттуу түрдө өткөрүлүп, ар бир жетекчи өзүнө тагылган милдет боюнча жоопкерчилик тартарын эскертти:
“Вице-премьер-министрлерге эң маанилүү программаларды жана тармактык документтерди аткаруунун мониторингин ай сайын пландоонун негизинде уюштурууну тапшырам. Мен суроо-талап туруктуу жүргүзүлүп, ал эми анын темптери улам өсүп-өрчүй гана тургандыгына расмий түрдө убада берем”.
Темир Сариев укуктук-ченемдик актылардын долбоорлорун ведомстволор аралык макулдашууга узак убакыт кетип жатканына көңүл буруп, бул маселени чечүү үчүн Юстиция министрлиги жана өкмөттүн аппараты макулдашуу процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө сунуштарды иштеп чыкканын билдирди.
Ошондой эле мекемелер аралык макулдашуу боюнча жаңыдан сунушталган иш тартип менен тааныштырды:
“Мындан ары ведомстволор аралык милдеттүү макулдашууну үч министрлик – Юстиция министрлиги, Каржы министрлиги, Экономика министрлиги гана ишке ашырат. Бул министрликтер берген терс корутундудагы документтер өкмөттүн аппаратына кабыл алынбайт. Мындай чек коюу документти иштеп чыгуу процессинде да, кайчы пикирлерди жоюу процессинде да баарыбызды ишти сапаттык жактан так уюштурууга милдеттендирет”,- деди Темир Сариев.
Муну менен катар премьер бардык жетекчилерге иш планын жума сайын пландаштырууну тапшыруу боюнча буйрукка кол койгонун жарыя кылды. Ага ылайык, ар бир өкмөт мүчөсү жумалык иш графигин өкмөттүн порталына жайгаштырат. Бул ар бир жетекчинин жумуш графигин өз алдынча киргизишине жана башкалардын жумуш графигин көрүүгө жол ачат.
“Бул премьер-министрге жана вице-премьер-министрлерге тейленүүчү багыттар боюнча сиздердин жумалык иш пландарыңардын мазмунунун сапатын жана аткаруу даражасын туруктуу негизде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет”,- деп белгиледи.
Жыйынды жаап жатып өкмөт мүчөлөрүнө тапшырмаларды аткарууга убакыт аз, ал эми талап чоң экенин эскертип, өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууну талап кылды.
“Биздин алдыбызда маанилүү тапшырмалар турат. Аларды биз сапаттуу аткарышыбыз керек”,- деп жыйынтыктады Сариев.