Экономика министринин орун басары болуп Беккелди Түмөнбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Каржы министрлигинин имаратында Каржы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада белгилүү болду. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн экономика жана инвестиция боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Николай Чуйков билдирди.
Түмөнбаев буга бир катар финансы уюмдарында эмгектенип келген.