Ош мэри Япониянын элчиси Такаюки Коикэ менен жолугуп, жол кыймылы тууралуу маселени талкуулашты

Бүгүн, 5-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Такаюки Коикэ менен жолугушту. Тараптар анда 2014-жылы ишке ашырылган “Ош шаарындагы коопсуз жол кыймылы” долбоору боюнча талкуу өткөрүштү.

Ош мэриясы аталган долбоор шаар ичинде кыймылдын ыңгайлуу болуусуна өз таасирин тийгизгенин айтат. Долбоор алкагында алынып келинген жабдуулар жол кырсыктарынын азайышына, айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна өз салымын кошту. Эки тараптуу кызматташуу мындан ары да уланары айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан