Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун кыргыз жерине келет

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун кыргыз жерине келет. Бул тууралуу 5-июнда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди. Маалым болгондой, аталган уюмдун катчысы 11-июнда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган конференцияга катышат. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушат. Андан сырткары Пан Ги Мун Ош облусунда болуп, жергиликтүү бийлик башчылары менен кезигишет. 2010-жылы болгон окуяда курман болгондорду эскерүүгө арналган иш-чараларга катышмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан