Троллейбус башкармалыгынын директору Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу кызматына Геннадий Милицкий дайындалды. Аны аталган кызматка дайындоо боюнча тиешелүү буйрукка мэр Кубанычбек Кулматов кол койгонун бүгүн, 5-июнда мэриядан кабарлашты.

Милицкий транспорт маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин сынакка чейин аткармакчы.

Айта кетсек, буга чейин Г.Милицкий Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору кызматында иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан