Ысык-Көлдүн айлана-чөйрөсү таштандыдан тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ишембилик бүгүн облус боюнча Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Ага агенттиктин, жергиликтүү эс алуу үйлөрүнүн кызматкерлери, мектеп окуучулары, студенттер жана Ысык-Көл облусунун администрациясынын кызматкерлери катышууда.