Ажылыкка баруучуларды тандоо электрондук чүчү кулак аркылуу өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2015-жылкы
ажылык сапарга катталуу 1-июнь күнү токтотулду. Ош облусунун аймагынан 914 жаран
каттоодон өттү. Ажылыкты уюштуруу боюнча Ош облустук казыятындагы
жооптуу өкүл
Ыйманали Матраимовдун билдирүүсүндө, өткөрүлө турган чүчү кулактын графигине ылайык, 9-июнда Өзгөн, Кара-Кулжа, 10-июнда Кара-Суу, 11-июнда Алай, Чоң-Алай, 14-июнда
Ноокат, 15-июнда Араван райондорунда өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, 2015-жылы республика боюнча ажылыкка
3295 жаран каттоодон өттү.