Вице-премьер-министр: “Мындан 5 жыл мурун “Кыргыз жергеси - баарыбыздын үйүбүз” деген сөз кооздук үчүн гана айтылган”

“Мындан 5 жыл мурун “Кыргыз жергеси - баарыбыздын үйүбүз” деген доктрина кооздук үчүн гана айтылган”,- деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева. Бул тууралуу Ниязалиева бүгүн, 10-июнда “Ала-Арча 1” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “2010-жылдагы Июнь окуялары: себептери жана келечек үчүн сабактар” аттуу илимий-практикалык конференцияда айтты. 

Анын айтымында, ошол каргашалуу окуялар болгон жылдары өкмөт улуттар аралык мамилеге жетишерлик көңүл бурган эмес. Мунун жыйынтыгында дал ушул этностор аралык карым-катнашка чагымчыл күчтөр от жагып башташкан.

Мекенибиздин эң башкы байлыгынын бири - көп улуттуу калкы. Өлкө калкынын 27,8 пайызын ар кандай улуттун өкүлдөрү түзөт. Орустар, өзбектер, немистер, дунгандар жана башка 100дөн ашык улуттун өкүлдөрү эриш-аркак эмгектенип келишкен. Этникалык топтор шайлоо алдында гана эстелип, саясий күч катары колдонулган. Этностук азчылыктарды саясий процесстерге кошуу үчүн аракеттер жасалган эмес. Натыйжада кыргыз жергесинин калкы бирдиктүү эл катары бир мамлекеттин турмушу менен жашабай калган кырдаал түзүлгөн. Соңку жылдарда саясий туруксуздук өсүп, ачык эле улутчулдук күч алып, этностук жамааттардын өзүнчө обочолонуусу пайда болгон”,- деди Ниязалиева.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан