Бүгүн, 10-июнда 2010-жылдын Июнь окуясында адамдарды сактоодо эрдик көрсөткөн жарандарды сыйлоо аземи өтүүдө. Иш-чарада президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү тынчтык, ынтымак ар бир айылдан, ар бир көчөдөн, ар бир кварталдан башталарын айтты.
"Бүгүн жалпы элибиз Июнь окуясын эскерип жатат. Ош жана Жалал-Абадда орун алган коогалаң өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда жашаган жарандардын жүрөктөрүн оорутту, сыздатты. 5 жыл өтсө да, ошол каргашада өтүп кеткендерге таазим этип, терең кайгыруу менен эскерип жатабыз. Биздин эгемендик үчүн ошол окуялар акыркы жылдарда болгон эң чоң сыноо болду, эң чоң кайгы болду. Ушундай каргашаларда адамдардын касиеттери текшерилет.
Эзелтен кыргыз эли көп улуттан турган эл болгон. Элибиздин эң негизги байлыгы - көп улуттуу элдин биримдиги. Ынтымак, тынчтык ар бир айылдан, ар бир райондон, ар бир кварталдан башталат",- деп билдирди Атамбаев.