Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын көйгөйлөрү талкууланды

Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгындагы жыйында күнүмдүк таштандыларды алдыруу, көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнкү кабаттарындагы батирлерге чыкпай калган ичүүчү суу, көчөдөгү арыкка агып чыккан саркынды суулар жана башка ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелер талкууланды. Бул тууралуу 10-июнда шаардык мэриядан билдиришти.

Аталган аймактын жашоочулары акча чогултуп, таштанды таштоочу челек, айланадагы отургучтарды, жарык берүүчү прожекторлорду орнотууга, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын оңдоп-түзөөгө, балдар аянтчасына жана айлананы көрктөндүрүүгө жумшап келишкени маалым болду.

Көп кабаттуу үйлөрдө СССР таркагандан бери оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөндүктөн, көйгөйлөр арбын. Маселен, жамгыр жааган күндөрү чатырдан аккан суу жер төлөгө чейин кирсе, кээ бир үйлөрдүн чатыры жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krasnoyrsk124
2015-06-10 12:42:15
Ушуга окшогон 10 этаждуу уйлорду кирпичтен кобуроок курушса болмок мамлекет, бизде ар бир бурчта кирпич завод, кичи райондор кобоймок, шаарда кооз корунмок!!!
0
rahali
2015-06-10 12:49:33
Чынында суу чыкпай калганы кыйнайт эшиктен ташыганга туура келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан