Ушул жылдын 5 ай аралыгында кыргыз-казак чек арасынан 6 миллионго жакын адам өткөн

“Ак-Жол-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында медиа-тур өткөрүлүп, анда чек ара ведомствосунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана ЕАЭБге кирип жаткандыгына байланыштуу кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара көзөмөлүн уюштуруу формалары тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын 5 ай аралыгында чек арадан 6 миллионго жакын адам жана 430 миңден ашык транспорт каражаты кесип өткөн. Мындан сырткары 2100дөн ашуун атуулдун туура эмес документтерин  аныктап, 49 адам депортацияланган.

2015-жылдын 5 айында мамлекеттик чек араны бузган 124 адам, мамлекеттик чек ара тартибин бузган 58 факт катталган. Чек арачылар жалпысынан 5 миллион сомго бааланган аткезчилик жүк кармашып, 8 бирдик курал,  аткыч жана мергенчилик куралдарга ок-дарыларды таап кармашкан, ошондой эле жалпы саны 9 бирдикти түзгөн граната, снаряд жана авиабомба табышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан