Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында КРнын Акыйкатчысынын "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасы угулууда. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатышат.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин жылдык баяндамасынан соң депутаттар адам укуктарынын корголушуна байланыштуу бир катар маселелерди суроо-жооп аркылуу тактап алышты.
Жыйындын жүрүшүндө жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы чыр-чатактар, жарандардын укугунун бузулушу кайсы мамлекеттик органда көп катталганы, СИЗОдо өз мөөнөтүнөн ашык жаткандар боюнча эмне иштер жасалгандыгы сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле баяндамада фактылар, сандык маалыматтар үстүртөн белгиленгендиги сынга алынды.
Акыйкатчынын айтымында, жылдык баяндама эл аралык стандарттын негизинде даярдалып, жасалган иштердин жыйынтыктары камтылган. Былтыр көбүнесе укук коргоо органдарынын дарегине арыздар түшкөн, ал эми СИЗОлордо өз мөөнөтүнөн ашык жаткандар боюнча комплекстүү иш-чаралар, тагыраак айтканда, мониторинг, инспекциялоо, жеринде текшерүү иштери аткарылган. Бул багытта атайын баяндама даярдалып, коомдук талкуу өткөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин кароосуна жөнөтүлгөн.
Депутаттардын суроолоруна акыйкатчыдан сырткары ИИМ башчысынын орун басары, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү жооп беришүүдө.