2010-жылдагы Июнь окуясына арналган республикалык илимий-тажрыйбалык жыйындын резолюциясы кабыл алынды

2010-жылдагы Июнь окуясынын 5 жылдыгына арналган республикалык илимий-тажрыйбалык жыйындын резолюциясы кабыл алынды.

Айта кетсек, бүгүн, 10-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 2010-жылдагы Июнь окуяларынын себептерин жана сабактарын талдоого арналган республикалык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

Конференциянын ишине белгилүү окумуштуу-тарыхчылар, саясат таануучулар, социологдор, философтор, ошондой эле мамлекеттик органдар жана коомдук ишмерлер катышты.

Резолюцияда: "Биз, жыйындын катышуучулары, демократиялык реформаларды жүзөгө ашыруу, коомубуздагы бардык жарандардын этностук таандыктыгына карабастан, бакубат турмушун камсыз кылууга багытталган жигердүү иш-аракеттерди улантуу максатында комплекстүү чараларды жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө үчүн сунуштарды зарыл деп эсептейбиз",- деп белгиленет.

Резолюцияда төмөнкүлөр каралган:

1. Өлкөнүн өнүгүүсүндө ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн кошкон салымдары тууралуу, ошондой эле этностор аралык мамилелердин башка аспектилерин Кыргыз Республикасынын УИА, “Мурас” фонду, Кыргыз мамлекетиндеги антропологдордун ассоциациясы, башка адистештирилген ишкана-уюмдардын жана изилдөөчүлөрдүн ар тараптуу илимий изилдөөлөрүн өткөрүү;

2. Кыргыз жергесинин тарыхындагы 1990-жылы июнда жана 2010-жылы июнда болуп өткөн этностор аралык тирешүүлөрдүн себептерин, тарыхын жана алардын ачуу сабактарын көп жылдык, пландуу, ырааттуу тарыхый, булак таануучулук, саясат таануучулук, социологиялык, антропологдук жана башка өңүттөрдө иликтөөнү улантуу; 

3. Кыргыз мамлекетинин эгемендигин, парламенттик демократия жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө ар кыл этностордун өкүлдөрүнүн татыктуу салымдары жөнүндө жаңы баскычтагы окуу китептерде жана башка окуу куралдарда ырааттуу чагылдыруу;

4. Этностор аралык ынтымакты жана көп этностуу кыргыз элинин биримдигин бекемдөөгө багытталган жарандардын, коомдук уюмдардын, анын ичинде этностук коомчулуктардын уюмдарын жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын демилгелерине колдоо көрсөтүү;

5. Көп этностуу, бирдиктүү кыргыз элинин маданий өрүшүнө тилектеш болгон эл аралык шериктер, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен илим, билим, маданият тармагындагы көп кырдуу жана эки тараптуу кызматташтыкты андан ары чыңдоо;

6. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу этностор аралык мамилелерди бекемдөөгө багытталган  маалымат компанияларын өткөрүү жана уюштуруу;

7. Кыргыз жергесинин саясий, илимий, маданий жана экономикалык өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон ар кыл этностордун чыгаан өкүлдөрү жана атуулдук ынтымакты камсыз кылууда турмуштук өрнөк берген карапайым инсандар жөнүндө көркөм жана даректүү тасмаларды жана башка ар кыл көркөм чыгармаларды жаратуу үчүн сынактарды жарыялоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан