Жогорку Кеңеш 10-июнда “Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы "Эл аралык автомобилдик жүк ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин берген маалыматына караганда, келишимге ылайык, Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин жүк ташуучу унаа каражаттары кыргыз мамлекетинин аймагына 100 чакырымдан ашпаган аралыкта жайгашкан логистикалык борборлорго чейин гана кире алат. Жүк салмагы 48 тоннадан ашпоого тийиш. Андан ары жүктү ата мекендик жүк ташуучулар гана өлкө ичине алып бара алышат.
Эске салсак, бул багытта Ат-Башы районунда кыргыз-кытай транспорттук логистика борборун куруу пландаштырылып, ага 630 миллион юань көлөмүндө инвестиция тартылууда.