10-июнда Жогорку Кеңеште “КРнын Өкмөтү менен Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган "Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамынын долбоору каралды.
Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын айтымында, бул келишим кош салык салууну болтурбоо жана өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарт түзүү максатында түзүлүп жатат. “Келишим күчүнө кирсе, кыргыз мамлекетинин экономикасына инвестиция салган британиялык ишкерлер кош салык кыйынчылыгынан кутулуп, биздин улуттук мыйзамдарыбызга ылайык, өзүндө гана салык төлөп калышат”, - деди ал. Депутаттар парламенттик фракциялардын макулдугу менен аталган мыйзам долбоорун дароо үч окууда добуш берүүгө жөнөтүштү.
Ушундай эле келишим КРнын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосунда да түзүлгөн. Аны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдын долбоору да добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Эске салсак, буга чейин кыргыз парламенти тарабынан бул өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланган. Азыр Катар, Сауд Арабиясы, Араб Эмираттары сындуу араб өлкөлөрү менен кызматташтык мамилелер жанданып, өлкө аймагында алардын бир катар компаниясы иштеп, Кыргыз Республикасынын экономикасына ири инвестициялар тартыла баштады.