Борбордогу Санитардык-экологиялык инспекциянын кезектеги текшерүүсүндө Мичурин көчөсү-161 дарегинин жашоочулары жолдун жээгине таштандыларды баш аламан таштап, антисанитардык абалга жеткиргендиги аныкталган. Бул тууралуу шаардык мэриядан 10-июнь күнү билдиришти.
Ошондой эле «Тазалык» ишканасы менен таштандыларды чыгаруу келишими түзүлбөгөндүгү, санитардык нормаларды жана калааны көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында Г.Шамурзаеванын атына протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.