Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Можайск, Кызыл-Кыя, Түлөбердиев, Витебск көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт.
Ал эми саат 08:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Романовка, Гавриловка (Забайкальский, Южный, Восточный, Фрунзе көчөлөрүндө), Геологдор айылында жана Шопоков шаарында (Достук, Футбол, Тынчтык көчөлөрүндө) жарык өчөт.