Пан Ги Мун кыргыз бийлигин Июнь окуясында адам укуктарынын бузулушу боюнча тергөөнү толук бүтүрүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун кыргыз бийлигин 2010-жылдагы Июнь окуясында адам укуктарынын бузулушу боюнча тергөөнү толук бүтүрүүгө чакырды. Башкы катчы мындай сунушун президент Алмазбек Атамбаев менен 11-июнда "Ала-Арча" резиденциясында журналисттерге маалымат берип жатып айтты. 

Анын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн этностор аралык биримдикти күчөтүүгө бекем пландары бар. "Мындан тышкары өкмөттү соттук жана саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды аяктоого чакырам. Бул багытта саясатчылар жер-жерлерде иш жүргүзүүсү абдан маанилүү. Бириккен Улуттар Уюму колдоо көрсөтүүгө бардык күчтөрүн жумшайт",- деди Пан Ги Мун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан