Бишкекте Чүй
менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде стихиялык соода-сатык пайда болду.
Сатуучулар жөө жүрүүчүлөр үчүн ылайыкташкан жолдун эки жагын бойлой кийим-кече сатып жатышат. Соода кылынып жаткан орун бекер болгондуктан, алардын
товарлары салыштырмалуу арзан баада. Дал ушул жерде биринчи жолу кийим
сатылып жатканын көргөн шаардыктар бир чети таң калып, бир чети өздөрүн кичи
базарда жүргөндөй элестетишүүдө.
Белгилүү болгондой, мындай стихиялык соода-сатык
жерлери "Орто-Сай" жана "Ош базарларынын" жанындагы көчөлөрдө пайда болгон эле.