Бүгүн, 11-июнда премьер-министр Темир Сариев Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Папан суу сактагычынын иши, Араван жана Ак-Буура каналдарын реконструкциялоо долбоорлору менен таанышты. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапарынын учурунда Темир Сариев таза суунун маанисине токтолуп, бүгүнкү күндө кыргыз өлкөсү дайраларындагы суунун 12-15 пайызын гана пайдаланып жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, бул көлөмдү жогорулатуу максатында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп, сууну өз пайдабызга жетиштүү түрдө пайдалануу керек. Ошол эле учурда премьер-министр коңшулар менен да суу жаатында кызматташууну улантуу кажет экендигин белгиледи.
Өкмөт башчы белгилеп кеткендей, аймак үчүн Араван, Ак-Буура каналдарынын мааниси абдан чоң. Быйыл каналдарды реконструкциялоого бюджеттен 30 миллион сом бөлүнсө, кийинки жылы 50 миллион сом бөлүү пландаштырылууда.
Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбеков жаңы түптөлүп жаткан Кең-Сай массиви сугат суу менен камсыз кылуу маселесин чечерин билдирди. “Учурда Кең-Сай массивин өздөштүрүү иштери аткарылууда, жол куруу, таза суу жана сугат суу менен камсыздоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө”,- деди ал. Ыйгарым өкүлдүн айтымында, аталган массивде 22 миң түтүнгө жер тилкеси каралса, бүгүнкү күндө анын 12 миңи бөлүнүп берилген.
Өз кезегинде Темир Сариев долбоорду активдүү түрдө жүргүзүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк аймактагы Гуманитардык борборунун долбоору менен таанышты.