Депутат: "Баткен жергеси таза суу жана сугат суу менен коңшу өлкөлөрдөн көз каранды болбостон камсыз кылынышы керек"

Депутат Улукбек Кочкоров бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңеште Баткен облусунун айрым айыл аймактарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи.

Депутат Баткен районунун Боз-Адыр, Ак-Турпак айылдарын ичүүчү суу, сугат суу менен камсыз кыла турган суу сордуруучу станциялар Өзбекстандын райондорунда жайгашкандыктан, кыйынчылыктар жаралып жатат. “Жогорку Кеңештин тармактык комитети маселени жеринен көрүп, чечим кабыл алды. Ал эми Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип, өкмөт бул багытта иш алып барса дурус болот эле”,- дейт ал.

Эске салсак, 2015-жылдын 31-май - 1-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү комитети Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрүп, Баткен районунун сугат суу, ичүүчү суу тармактарын кыдырып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан