Бүгүн, 11-июнда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун учурдагы абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, катардык плацта мейманды коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун жетекчиси генерал-майор Рыскелди Мусаев жана башкалар тосуп алышты.
Вице-премьер-министр Маматалиев институттун окутуучулары, курсанттары менен баарлашып, мекеменин инфраструктурасын көрүп чыкты. Ошондой эле курсанттарды окутууда колдонулуучу аскер техникасы жана куралдары менен таанышты.
Жыл сайын Аскер институтунан 100гө жакын жаш офицерлер чыгып, республиканын бардык аймактарындагы аскер гарнизондорунда кызматтарын улантышат.