"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары каржы министринен ал жетектеген мекемедеги коррупция менен күрөшүүнү талап кылышты

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт берди.
Талкууда депутаттар Каржы министрлигиндеги коррупция менен күрөшүүнү талап кылышты. Буга министр А.Касымалиев "кызматка шайланып жатканымда бул милдетти аткарууну эң негизги максат катары алдыма койгом" деп маалымдады. Андан соң ал депутаттарга жана журналисттерге кайрылып: "Эгер коомчулук мага жардам бербесе, бул маселени жалгыз чече албайм. Мага жардам керек. Министрликтеги "10 пайыздык откат" деген нерсени жоготууга аракет кылам",- деди Касымалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан