“Эл аралык келишимдер жөнүндө” мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” документке кол койду. Бул тууралуу 12-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – нота (кат) алышуу жолу менен эл аралык келишимдерди түзүүдө юридикалык мүнөздөгү тоскоолдуктарды жоюу.

Бул максаттарды ишке ашырууда “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына нота же кат алышуу жолу менен түзүлгөн келишимдерди ратификациялоого жана бекитүүгө мүмкүнчүлүк берген толуктоолор киргизилет. 

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулуу  жөнүндө грамоталарын депонирлөө жол-жобосун иреттөө сунушталат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан