Бүгүн, 12-июнда Бишкекте педофилдерге өлүм жазасын киргизүүгө арналган акция өттү. Анын алкагында шаар тургундарынан педофилдер жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүгө кол топтолуп жатты. Акциянын катышуучуларына “Сүрөттөр сүйлөйт” аттуу кичи сүрөт көргөзмөсү жана “Мен ооруп жатам, жардамга!” деген сөздөр жазылып, оозу чапталган куурчак инсталляциясы уюштурулду.
Иш-чаранын демилгечилеринин айтымында, учурда педофилдерге өлүм жазасын киргизүүгө 10 миң жаран кол койду.
“Биздин акция дагы бир жума уланат. Анын алкагында республика боюнча дагы 10 миң кол топтойлу деп жатабыз",- дешти активисттер.