Билим берүү жана илим
министрлигинин буйругуна ылайык, жалпы негизги жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндөгү документтер
22-июнда тапшырылат. Бул тууралуу 12-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган буйруктун негизинде
документтерди тапшыруу салтанаттуу түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу, укук
коргоо органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлөт. Ал эми 9-класстын
бүтүрүүчүлөрүнө жалпы негизги билими жөнүндөгү күбөлүктөрү жалпы билим берүүчү
мектептерде 20-июнда тапшырылат.
Эскерте кетсек,
бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чараларды мектептин аймагында, оюн-зоок жайларда,
кафелерде, ресторандарда жана жаратылышта кечки жана түнкү мезгилдерде
өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле мектептин жетекчилеринин класс
жетекчилерден, ата-энелерден жана мугалимдерден мыйзамсыз түрдө акча чогултуу
фактылары катталса, кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик жаза көрүлөт
жана жоопко тартылат.