2010-жылдан тарта өлкөдө унаалардын саны 2,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда өкмөттүн жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү өлкө аймагында 1 миллион 105 607 автоунаа катталган. "Жол тармактары жана инфраструктура тиешелүү талаптарга жооп бере албай жатат. Көп жолдордун параметрлери ылдамдыгы өсүп кеткен жол кыймылына тийиштүү эмес болууда. Айрым жолдордо үзгүлтүксүз кыймыл жүрүп, жол кырсыктары орун алууда",- деди министр.