Токио шаарында кыргыз жана япон ишкерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз ишкерлери аталган өлкөдө бир апта болуп, япон ишкерлеринин башкаруу ыкмасын өздөштүрүү менен бирге ишкердиктин жаңы түрлөрүн үйрөнүшөт. Ошондой эле тажрыйба алмашып, тийиштүү байланыштарды түзө алышат. Бул тууралуу 12-июнда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага катышкан КРнын Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев кыргыз мамлекетинде Орусия, Түштүк Корея, Түркия, Кытай, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн ишкерлери ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын айтып, бул арада Япониядан барып иштегендер да бар экенин кошумчалап өттү. Өлкөдөгү унаа чыгаруучу ири компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышкан кыргыз ишкерлери жолугушуу учурунда өлкөнүн инвестициялык потенциалын айтып беришти.