Бүгүн, 12-июнда өкмөт жыйынында премьер-министр Темир Сариев коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзамдын аткарылышын өкмөттөн талап кылды. Сариев мыйзамдын аткарылышын алгач министрлерден талап кылды.
"Бул мыйзам кабыл алынган, бирок аткарылбай жатат. Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салып башташыбыз керек. Өкмөт үйүндө жана Жогорку Кеңештин имаратында чылым чекпей, үлгү көрсөтүү керек",- деп сунуштады Сариев.