Расмий эмес маалыматтар боюнча, Малайзияда 1000дей кыргыз жараны бар. Алардын бири
Таалай Мусаев менен бүгүн, 12-июнда маек курдук.
Малайзияда 2007-жылдан бери жашап келген Таалай мырза: "Кыргыз мамлекетине кайтып баргым келет. Ошондуктан жарандыгымды азыркыга чейин алмаштыра элекмин. Кыргыз жерин өнүктүрүүгө баары жетиштүү. Болгону экономикалык саясатты өзгөртүү керек. Адамдар акча эмне экенин, анын максатын туура түшүнүүсү зарыл. Анан элде биримдик болушу шарт",- деди.
Таалай Мусаев менен болгон маекти кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин 19-июнда чыга турган №659-санынан окуп, видеоверсиясын "Супер ТВ`дан" көрө аласыздар.